www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунун ИИББинин жана Аламүдүн районунун ИИБинин кызматкерлери тарабынан 45 жаштагы жарандын үйүнөн тыюу салынган диний уюмдарга тиешелүү материалдар алынган.Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

“Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери жана Аламүдүн районунун ИИБинин кызматкерлери тарабынан 2020-жылдын январь айынын аягында, Алмүдүн районунун жашоочусунун бири тыюу салынган экстремисттик маанидеги китептерди жана ок атуучу курал-жарак сакталгандыгы тууралуу ыкчам маалымат алынган”,-деп айтылат маалыматта.

Аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү “Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу” беренеси боюнча  катталып сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан Пригородный айылындагы үйлөрдүн бирине тинтүү жүргүзүлүп, китептер, баракчалар, блокнот, дептер, ноутбук, тыюу салынган диний  уюмдун пикири жазылган брошюралар жана “Хизб-ут-Тахрир” деген жазуусу бар  желек ошондой эле “Юнкер” үлгүдөгү автомат, “Леворвер РС-3” үлгүсүндөгү тапанча жана 9 даана бычак алынган. Үйдүн жашоочусу 45 жаштагы И.Р. мурда соттолгондугу такталган.

Алынган материалдарга тиешелүү экспертизалар дайындалган. Учурда кармалган 45 жаштагы И.Р. убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости