www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын "Ала-Тоо" аянтындагы жаңы жылды майрамдоо түстүү фейерверк менен аяктайт, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, майрамдык салюттарды уюштурууга шаардык бюджеттен 755 миң сом каралган.

“Азыр 2023-жаңы жылды тосууга майрамдык программа даярдап жатат. Жаңы жыл алдында шаардыктарды чыгармачыл жамааттардын жана эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерттик программа күтөт”, — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, былтыр муниципалитет фейерверк атуудан баш тарткан. Бул чечим “экологиялык коопсуздуктун себептери” менен түшүндүрүлгөн.

"Жыл сайын күз-кыш мезгилинде жарандар абанын сапатынын байкаларлык начарлашына туш болушат, борбор калаада абанын булгануу деңгээли антирекорддук көрсөткүчкө жетти. Буга байланыштуу мэрия ансыз да морт болгон экологиялык абалды начарлатууну туура эмес жана мүмкүн эмес деп эсептейт", - деп белгилешти анда муниципалитет.

2022-жылдын декабрь айында Бишкек абанын булганышы боюнча дүйнөлүк абанын сапаты рейтингинде бир нече жолу алдыга чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости