www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте «Обама» аталышындагы бир канча кафе бар. Алардын бири Токтогул-Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Аталган кафеге аттуу-баштуу инсандар, анын ичинде саясатчылар көп барып, ар кандай маселелерди тамак үстүндө талкуулашарын көрүп -билип эле жүрөбүз. Эми бул жагы айтпасак да белгилүү деңизчи.

Бүгүн бул кафеде кечке маал бир ызы-чуу болгонун ишенимдүү булактардан эшитип, ал кафеге барып да бир аз иликтеп көрдүк. Иштин чоо-жайы мындай болгон экен: Түштөн кийин бул кафеден камакта жаткан Канат Исаевдин бир тууган агасы, кезегинде ИИМдин орун басары болуп иштеген, кийин Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгын жетектеген, милициянын генерал — майору Талантбек Исаев, Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев дагы саясатка тиешеси жок бир канча адам жолугушат. Аларды бир жигит тейлеп, буту-бутуна тийбей жүгүрүп жүргөн. Анын шектүү кыймылынан уламбы, же башка дагы себептерденби, айтор бир учурда Талант Исаев өзү олтурган столдун астынан адамдардын сүйлөшкөнүн жаздырган «жучок» таап алган.

Ал аны жабышкан жеринен алып чыгып, жанында олтургандардын биринен көрүп: «Менин сөзүмдү жаздырып жатыпсыңар, силерге ишенип жүрсө …» — деген мааниде нааразычылыгын билдирип, ошону менен ызы-чуу чыгып кетет. Жанындагылар бул ишке тиешеси жок экенин айтышат. Ошентип, ал жерге милиция чакырлып, кафенин ичи текшерилип, кафе ичин тартып турган камералар да текшерилет. Биз кафеге барып сураганыбызда бул боюнча, ал жерде иштеген жигиттердин бири: — Камераларды көрүшкөндөн кийин баары маалым болуп калды. Саясатчылардын столуна бизде иштеп жатканына 1 жылдай болуп калган Аман деген офицант койгон экен. Ал ага чейин кафеде мурун иштеп кеткен бир жигит менен жолуккан экен. «Жучокту» ошол берген экен. Мунун баары камерага түшүп калган. Байкелер кафенин башка бөлмөлөрүн да текшеришип, ал жактан да дагы бир «жучок» таап чыгышкан. Милициялар бизде иштеген ал баланы алып кетишти- деди, атын айткысы келбеген жигит.

Интеренттеги маалыматтардан улам текшерип көрсөк, бүгүн камакта жаткан Канат Исаевдин туулган күнү экен.

Эске сала кетсек, Талант Исаев иниси Канат мамлекетте баш аламандыкты уюштурууга шектелип кармалары менен, ИИМдеги кызматын дароо өткөрүп берген. Ошентип, бул кафедеги ызы-чууну ИИМ иликтөөгө ала баштаптыр. Саясатчылардын сүйлөшкөнүн жаздырууга кимдер кызыктар. Алардын өздөрүнүн айрым душмандарыбы, же укуругу узун УКМКбы? Бул боюнча УКМКда өз жообун берер… Баса, бул кафеге барып далай сөздөрдү бакылдаган бир топ саясатчылар мындай окуяларды уккан соң, «ал сөздөрдүн канчасын жаздырып алышты болду экен» -дешип жүрөктөрү бир болкулдап алары ырас…

Булак: Чагылган.кж

Последние новости