www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 22-февралындагы №7 Мыйзамынын аткарылышын контролдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети 2018-жылдын 16-февралында парламенттик угуу өткөрөт. Бул тууралуу маалыматты Жогорку Кеңеш Басма сөз кызматы билдирди.

Жумушчу топтун иштеринин жыйынтыктарын, мыйзамды ишке ашыруу менен учурдагы кырдаалды, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик- жеке өнөктөштүктү өнүктүрүүнүн перспективаларын талкуулоо парламенттик угуунун максаты болуп саналат.

Каалоочуларды парламенттик угууга катышууга чакырабыз.

Алдын ала жазылуу  телефону: 63 91 09

Жогоруда көргөзүлгөн мыйзамдын аткарылышы боюнча кошумча маалыматты, ошондой эле суроолорду, сунуштарды жана сунуштарды аларды [email protected] жана [email protected] электрондук почталарга жөнөтүү менен алсаңыздар болот.

 

Последние новости