www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги жеке мектептен бомба табылдыбы?

Бишкекте "Илим" жеке мектебинин аймагынан жардыруучу зат табылган жок. Бул туралуу Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн саат 10:00дөр чамасында 102 кызматына «Илим» билим берүү борборуна мектептин аймагында жардыруучу зат коюлганы тууралуу билдирүү электрондук почта аркылуу келип түшкөн.

Окуя болгон жерге Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБнин жетекчилиги, тергөө ыкчам тобу дароо жөнөп, мектептин аймагы  курчоого алынган. Окуучулар жана мектеп кызматкерлери эвакуацияланды.

Маалым болгондой, адистер тарабынан окуу жайдын аймагынан эч кандай жардыргыч зат жана түзүлүш табылган эмес.

Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости