www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Ленин райондук соту 63 жаштагы Нурбектин (аты өзгөртүлдү) кылмыш иши боюнча чечим чыгарды. Ал 65 жаштагы аялды мыкаачылык менен өлтүрүүгө айыпталганы соттун токтомунда айтылат деп жазат Турмуш сайты.

Нурбек ушул жылы 28-февралга караган түнү Бишкек шаарындагы Интергельпо көчөсүндө жайгашкан батирде мас абалда 1953-жылы туулган Элнуранын (аты өзгөртүлдү) жүрөгүнө, кекиртегине бычак сайып, андан кийин токмоктоп, өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөн. Ал аялдын жансыз денесин керебеттин алдына катып койгон.

Соттолуучунун айтымында, күнөөсүн мойнуна албайт. Ал 1984-жылдан бери аталган батирде жашайт.

«Мен үйдө Кайрат (аты өзгөртүлдү) менен арак ичип жаткам. Үйгө Элнура келгенде Кайрат аны киргизбей, кружкага арак куюп берди. Андан кийин ал кайра келди, бирок Кайрат дагы киргизген жок. Түндө милиция кызматкерлери келип уктап жаткан жеримден ойготушту. Элнуранын денеси кандайча менин үйүмдө болуп калганын билбейм. Тергөөчү мени "өлтүрөм" деп коркутту», - деди ал.

Ал эми каза болгон аялдын кызы: «Эксперттер алгач апам зордукталганын айтып, бирок кийинчерээк тергөөчүлөр бул фактыны алып коюшту. Кошуналар Кайратты да суракка алууну өтүнүшүп, бирок милиционерлер суранычты аткарбай койду. Учурда соттолуучуга дооматым жок», - деди.

Жыйынтыгында сот Нурбекти күнөөлүү деп таап, 15 жылга эркинен ажыратты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости