www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаңы Акыйкатчы Токон Мамытов, Мелис Аспековдун сотунда юридикалык жагынан жардам берип, акталганга өбөлгө түзүп бергенге убадасын берди.

Мындан үч жыл мурун Атамбаевдин бийлиги жарандык активист Мелис Аспековду, таксиге 100 сом төлөгөн жоксун деп айып коюп, 5 жылга эркинен ажыраткан. Апеков өзү болсо "мен төлөгөм, мени кармашканда 30 миң акчам жаныман чыккан, таксини болгону эки көчө айдаткам. Бул мультфильмге окшогон, атайын заказ менен токулган кылмыш ишинде бир дагы күбө жок, бир дагы далилдери жок, бир гана ак кагаздагы доо арыз менен кантип соттосо болот" деп агынан жарылып жүрөт.

Ал эми Аспеков кече күнү жаңы акыйкатчыга кирип, өздүк фейсбук баракчасында төмөнгүдөй жазды: “Жаңы акыйкатчыга кирип чыктым. Абдан жакшы кабыл алды. Сени жакшы билем балам, берген 100 сом үчүн сени соттошкон, сотко кайрыл, мен колдон келген жардамды берем деп убадасын берди.”

Албетте, сот кандай чечим чыгарат, аны убакыт көргөзөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости