www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектин дагы беш көчөсүндө оңдоо иштери башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Капиталдык ремонт Гагарин менен Кырк-Кыз көчөлөрүнүн кесилишиндеги жолдо, Байтик баатыр көчөсүндө (Медеровдон Баялиновго чейинки бөлүгү) башталды.
Бүгүн кечке чейин Элебесовдун түндүктү карай кеткен тарабында жана Фучик көчөсүндө (Москва көчөсүнөн шаардын кире беришине чейинки бөлүгү) оңдоо иштери башталары белгиленди.
«Жогоруда саналган көчөлөрдө унаа кыймылы үчүн кыйынчылыктар жаралды. Оңдой турган көчөлөрдүн тизмеси жарандардын арызынын негизинде түзүлгөн», — дешти мэриядан.
Мындан тышкары, төмөнкү жети көчөдө оңдоо иштери жүрүп жатат:
Исакеев көчөсү (Ауэзовдон Валихановго чейин);
Шевченко көчөсү (Жибек Жолунан Мичуринге чейин);
Леваневский көчөсү (Лев Толстойдон Асаналиевге чейин);
Гражданская көчөсү (Төрөкул Айтматовдон Курманжан даткага чейин);
Каховский көчөсү (Тимур Фрунзеден Кривоносовго чейин);
Васильев көчөсү (Манас проспектинен Түлөбердиевге чейин);
Чыгыш-5 кичи районундагы Армейская көчөсү (Кийизбаевден Мамбетовго чейин).
Мэрия бул жылы 27 көчөнүн ар кайсы бөлүктөрүндө жалпысынан узундугу 16,5 чакырымга жеткен жерди ремонттоону пландап жатат.
Эгер сиздин көчөңүзгө же тротуарга тез аранын ичинде ремонт иштерин аткаруу керек болсо, сүрөт жана видеолорду мэриянын 0550888162 номерине жиберсеңиз болот.
Булак: NazarNews.kg