www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын айрым аймактарында 29-июндан 2-июлга чейин жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу «Бишкекгаз» кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, убактылуу чектөө оңдоо жана пландуу техникалык иштерге байланыштуу киргизилүүдө.
Газ берүү төмөнкү аймактарда токтотулат:
— Кызыл-Аскер районунда: Сары-Челек көчөсү, Ала-Арча дарыясы, айланма жол, Кыргыз, Логвиненко, Курманалиев, Жашыл, Жаңы, Колхоз жана Заводской көчөлөрү;
— Элебесов көчөсү аймагында: Коллективдүү, Аул жана Новосельская көчөлөрү.
«Бишкекгаз» тургундарды жаралган ыңгайсыздык үчүн түшүнүү менен кабыл алууга чакырды.