www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Ала-Тоо аянтында музыкалык кече өттү

Ала-Тоо аянтында күн мурун, 5-майда май айындагы майрам күндөрдүн алкагында шаар тургундары жана коноктору үчүн музыкалык кече өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Иш-чара борбор калаанын тургундарын жана конокторун чогултуп, чыныгы майрамдык маанайга бөлөдү. Концерттик программа Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын чыгармачыл жамааттары тарабынан тартууланып, көрүүчүлөргө жаркын жана эсте каларлык чыгармаларды сунуштады.

Кечеге өзгөчө көрк берип, иштеп жаткан фонтандар жана кечки шаардын жарыгы жакшы маанай тартуулады. Шаар тургундары жандуу музыканын коштоосунда жагымдуу маанайда эс алышты.

Бул иш-чара шаар тургундары менен коноктору үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана алардын бош убактысын көңүлдүү өткөрүүгө багытталган борбор калаанын маданий программасынын бир бөлүгү болду.

 

Последние новости