www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Каржы көзөмөлү агенттиги мобилдик тиркеме аркылуу мыйзамсыз интернет-казино уюштурган кылмыштуу топтун ишин токтотту. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар билдирди.

Жашыруун казинонун оюнчуларынын арасынан Кыргызстандын жарандары да аныкталды.

Чымкенттин тургуну «Техасский холдем» покер оюну үчүн мобилдик тиркеменин негизинде «Vendetta» жана AMG600L жашыруун оюн клубдарын түзгөн. Клубдар «Nomad» тармагына бириктирилип, сутка бою иштеп, оюнчуларды Казакстан гана эмес, Өзбекстан жана Кыргызстандан да тарткан. Аудиторияны кеңейтүү үчүн мессенжерлер жана багытталган билдирүүлөр, ошондой эле бонустар жана сыйлоо системалары колдонулган.

Оюнчулар банктык которуулар аркылуу эсептерин толуктап, өз кезегинде оюнга кирүү үчүн «фишка» алышкан. Уюштуруучулардын кирешеси ар бир оюн столунан алынган комиссиядан – 3%дан 5%га чейин болгон. Оючуларды кармап калуу үчүн виртуалдык каражаттарды насыяга берүү практикасы да колдонулган. Финансылык агымдарды жашыруу үчүн «дропперлердин» эсептери, анын ичинде чет элдик жарандардын эсептери колдонулуп, аларга бир эсеп үчүн 100 миңден 200 миң теңгеге чейин сый акы төлөнгөн. Аталган эсептер боюнча жалпы жүгүртүү 557 млн теңгеден ашкан.

Уюштуруучунун үйүн тинтүү учурунда баңгизат табылган. Эки шектүү үй камагына чыгып, кылмыш иши сотко жөнөтүлгөн. Маалыматка ылайык, оюндун айрым катышуучулары 30 млн теңгеге чейин каржылык жоготууларга учурашкан.

Последние новости