www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Испания бийлиги бортунда хантавируска шектелген учурлар бар делген кеме тууралуу маалыматка байланыштуу чара көрүүгө даяр экенин билдирди. Айрым булактардын маалыматына караганда, сөз MV Hondius аттуу лайнер жөнүндө болуп, ал жакынкы күндөрү өлкө аймагына кириши мүмкүн.

Маалыматтарда кеме Канар аралдары тараптагы порттордун бирине токтошу ыктымал экени айтылууда. Азырынча кайсы порт экени расмий тактала элек. Ошондой эле Испаниянын Саламаттык сактоо министрлиги Испания бул кырдаалды көзөмөлдөп, алдын алуу чараларын күчөткөнү кабарланууда.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кемедеги жүргүнчүлөр жана экипаж толук медициналык текшерүүдөн өткөрүлүп, зарыл жардам алышат. Андан кийин алардын ар бири өз өлкөлөрүнө жөнөтүлөрү күтүлүүдө.

Эксперттер белгилегендей, Хантавирус сейрек кездешкен, бирок олуттуу коркунуч жараткан инфекция болуп саналат. Ал көбүнчө кемирүүчүлөр аркылуу жугуп, адамга түздөн-түз жугуу учурлары өтө аз кездешет.

Ошол эле учурда айрым маалымат булактары бул кабар толук тастыктала электигин белгилеп, расмий билдирүүлөрдү күтүү керектигин эскертишүүдө. Учурда Испания бийлиги тарабынан такталган акыркы маалыматтар жарыялана элек.

Последние новости