www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин бир нече көчөлөрү убактылуу жабылат

7-сентябрда футболго байланыштуу ордо калаада бир нече көчө убактылуу жабылат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, бүгүн ордо калаада футбол боюнча "Үч улуттун кубогу" жолдоштук мелдешинин кезектеги оюну өтөт. Буга байланыштуу саат 17:00дөн 23:00гө чейин эки көчөнүн кесилиши жабык болот. Алар:

Тоголок Молдо көчөсү. Чүй проспектинен Фрунзе көчөсүнө чейин;

Фрунзе көчөсү. Панфилов көчөсүнөн Исанов көчөсүнө чейин.

Кайгуул кызматы айдоочуларды чектөөнү түшүнүү менен кабыл алып, маршрутту алдын ала пландоого чакырды.

Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Бангладеш менен беттешмекчи. Буга чейин улуттук команда Палестинаны 1:0 эсебинде уткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости