www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын "Талибан"* кыймылын Афганистандын расмий өкмөтү катары таануусуна көп убакыт бар. Бул тууралуу президент Жо Байдендин журналисттерге берген жообуна шилтеме берип РИА Новости жазды.

ЖМК өкүлдөрү Байденге Афганистандагы режим, ага АКШнын мамилеси тууралуу суроо берген.

"Талибан" кыймылын расмий өкмөт катары кабыл алууга абдан көп убакыт талап кылынат. Ага көп бар, көп бар...", — деп жооп берди президент.

Белгилей кетсек, августтун башында "Талибан"* кыймылы активдешип, Афганистандын өкмөттүк күчтөрүнө чабуул кое баштаган. 2021-жылдын 15-августунда борбор шаары Кабулга кирип, президенттик сарай алардын көзөмөлүндө калган. Ал эми 16-августта Афганистандагы согуш аягына чыкты деп жар салып, жакын арада өлкөнүн башкаруу формасы аныкталарын айтышкан. 31-августка караган түнү АКШ аскерлери буга чейин көзөмөлүндө турган Кабул аэропортун таштап чыгып кетишти.

Эске салсак, Панжшер провинциясы Афганистанда талибдерге каршылык көрсөтүп жаткан жалгыз аймак болчу. Террордук кыймыл бул провинцияга согуштук операциясын сентябрда баштап, ишемби күнү аймакты каратып алганын жар салган.

* — Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюм.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости