www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Митингчилер Канаданын премьер -министри Жастин Трюдого таш ыргытышты, деп билдирди жергиликтүү CBC телеканалы.

Белгиленгендей, окуя шайлоо митингинен кийин, Трюдо автобуска түшүп жаткан учурда болгон. Премьер-министрди жансакчылары коргонуна карабастан, ага бир канча таш келип тийген.

Трюдонун айтканы боюнча, ал эч кандай жаракат алган эмес.

Телеканалдын маалыматы боюнча, бул Либералдык партиянын лидеринин нааразылык акциялары менен коштолгон биринчи жолугушуусу эмес. Буга чейин нааразылык акцияларына байланыштуу митингдердин бирин токтотууга туура келген.

Global Newsтун маалыматы боюнча, таш ыргыткан адамдар коронавирустук эмдөөгө каршы чыгышкан.

Канада 20 -сентябрда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоону өткөрүүнү пландап жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости