www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Интернетте Лейлек районунун Исфана шаарындагы оорукананын сүрөттөрү тарады.
Сүрөттөрдү Facebook колдонуучусу Замир Казакбаев жарыялаган.
«Мен Афганистандагы бир оорукана го дегем. Кыргыз медицинасы ооруну алдын алууну кой, айыктырууну деле кой, жөн эле оорулууга шарт түзө албай калды. Болбосо, ооруган жан акчасын эч нерседен аябайт, карыздаса дагы табат. Оорукананын кассасына былчыйта төлөйт. Мунун баарын мыйзамдаштырып алышкан. Ушундай заманда оорубай эле өлүп калгысы келгендер деле толтура. Коррупциянын туу чокусуна жеткен кыргыз медицинасына наалат! Оорукчандын эсебинен акча жасаганды токтоткула! Оорукананы оңдогула, шарт түзгүлө! Күн-түн колко кылбай иштегиле! Силер ант бергенсиңер! Ушул заманда ушундай абалдагы оорукана бар экенине ишенүү өтө кыйын», - деп жазды ал.
Ошондой эле Казакбаев шайлоону күтпөй, ашар жолу менен болсо дагы аталган оорукананы оңдоого чакырды.
Булак: NazarNews.kg