www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында дезинфекциялоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

"Бүгүн, 29-июнда Эркиндик бульварынан баштап Чүй проспектиси менен Шопоков көчөсүнө чейин эл көп чогулуучу жайларда, банк, дарыканаларда, аялдамаларда, жер өткөөлдө, ири соода борборлордун алдында жана ошондой эле Орозбеков көчөсүндө жайгашкан Эталон-Строй, Көк-Сай, Айдин, Шар-Чебер жана Арпа кичи базарларда дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү. Жалпы аянты 14080 чарчы метрди түздү.

Ошондой эле, Бишкек шаарынын Орто-Сай базарында жана айланасында жайгашкан соода түйүндөрдө, дүкөндөрдө, аялдамаларда жөө кол чачкычтар менен дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости