www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 29-июнда, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстан Президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Гурбангулы Бердымухамедовду туулган күнү менен куттуктап, ага бекем ден соолук, бакты-таалай жана жооптуу мамлекеттик ишмердигине жаңы ийгиликтерди, ал эми боордош Түркмөнстан элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалады.

Мамлекет башчылары кыргыз-түркмөн кызматташтыгынын келечектүү маселелерин талкуулашты, ошондой эле эки тараптуу өз ара кызматташууну арттыруу боюнча биргелешкен пландарды белгилешти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости