www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Надира Нарматова коомдогу ызы-чуу жараткан мыйзам тууралуу билдирүү жазып чыкты.

Экс-депутаттын билдирүүсү төмөндө өзгөртүүсүз берилет:

“Жогорку Кеңештин депутаттары Гюльшат Асылбаева менен Айнура Осмонованын демилгеленген "Фейктерге тыюу салуу жөнүндө" мыйзамдын долбоору эң туура, өз мезгилинде сунуш кылынып, кабыл алынгандыгы туура болду. Отуруп алып 20, 30, 40, 50 фейктерди ачып, президенттен баштап, ким экендигине карабай, бирөөнү боктоп, жалаа жаап, жардан ары түрткөндөргө бөгөт коюлат.
Жүзүн көрсөтпөй, каалаган каралаган, өч алуучу ойлорду билдирип, карикатура сүрөттөрду чыгарып, маскаралап, өзү ырахаттанып, коомчулукту булгагандарга чектөө болот. Конституциялык мыйзам эмес. Турмуштук зарылчылыктан келип чыккан, керектүү мыйзам. Реалдуу жашоонун муктаждыгын мыйзам менен шайкеш келтирүү учурдун талабы.
Фейк акаунттар биротоло коомчулукту булгап, адамдардын моралдык психологиялык көз карашын тескери жака буруп, жакшылыктан үмүт кылбай, жашоосуна кооптонуп,бир бирине оң көз менен караганга шарт түзүп койду.

Сөз эркиндигине тыюу салган эч ким жок. Демократияга шек келтирбейт. Конституция бузулбайт. Өз жүзүңөр менен сүрөтүңөрдү коюп, тирүү адам катары оюңарды билдиргиле! Чыныгы мекенчил,чыныгы демократияда жашап,сөз эркиндигин туу туткан болсоңор, чыныгы мекенчил, патриот болуп, элге күйүп бышып жатсаңар өз жүзүңөр менен чыккыла! Тирүү жан болуп,көзгө тике карап, өз оюңарды коомчулука ачык айткыла! Бекинип алып коомду булгап, мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч жаратпагыла!

Фейк болуп олтуруп алып, элди бөлүп жарбагыла! Фейк болуп башкаларга сын айтпагыла! Сын айткыла! Сындагыла! Сөз эркиндиги бар. Тирүү жан катары айткыла! Айткан сөзүңөргө жооп бергиле! Өз жүзү, өз сөзүнө жооп бергендей, конкреттүү фактылар менен айткыла! Ошондо өзгөрүү, тазалануу болот. Ошол фейктердин айынан   жатат. Коомчулукта тынчтык жок. Жамандыкты гана жарыялашат. Фейк акаунттарды уюштургандардын көпчүлүгү мамкызматтарда иштегендер, чиновниктер, керек болсо депутаттар ,Министрлер, саясатчылар, кызматка, бийлике жетпей калгандардын басма сөз борборлору тарабынан уюштурулган фактылар толтура. Болжолдуу кайсы фейктер кимдики экендиги билинип турса да, артында тирүү жан турбагандан кийин, кимди күнөөлөйсүң! Жекече өч алууга пайдаланышат. Фейк акаунттарды уюштургандар өздөрү псевдоним менен отуруп алып, жекече өчүн алышат. Коомчулуктун бүйүрүн кызыткан бийликти, жекече саясатчыларды жек көрсөткөн маалыматтар чыгарып турушат.

Фейктердин ушактары кимге керек! Чиновниктер, саясатчылар 90-95% соцтармактарда отурушат, киришет, баары окушат, тек гана билип коюп фейктер менен жооп беришет. Бул жаман нерсе. Оюңду ачык билдир! Тирүү жансыңбы! Жүзүңдү жашырба! Ач жүзүңдү Гүлчөтай болбой! Мыйзамдын чыгышына баякы эл Батыштын акчасына сугарылган депутаттар, эл бузарлар, “Азаттыктын” кухнясынан чыккандар НПОлор, эл аралык уюмдар жан талашып, митинг уюштуруп, акция өткөрүп жатышат.

"Сөз эркиндигине тыюу салып жатышат"- деп жар салып, элдин башын айландырышып, адатынча митинг акция өткөрүп, каршылык көрсөтүп жатышат. Себеби фейк акаунттар, алар үчүн ар кандай терс ойлорун иш жүзүнө ашырууга ыңгайлуу. Тымызын отуруп алып, түрдүү акцияларды фейктер менен уюштуруп, эл арасында арам ойлорун иш жүзүнө ашырууга ыңгайлуу. Чет өлкөлүк агенттер! ММКлар,соцтармактар, фейк акаунттар аркылуу, Кыргызстан жок болуп кетүү коркунучун жаратуучу маалыматтарды таратуу аракеттерди жасоо ыңгайлуу. Бул багытта толтура фактылар. Демократия - Кыргызстандын түбүнө жетет. Митинг, акция, ушак, чыры чуу менен жүрө берсек оңолбойбуз. Жок болобуз. Туура мыйзам болду. Толук кабыл алынса, президент кол койсо аткаруу механизмдерин тиешелүү органдар өкмөт менен бирге иштеп чыгып, аткарылышын катуу көзөмөлгө алуусу зарыл. Коомго тартип болот. Ача пикирлер, терс пикирлер азаят. Адамдар чындык менен жашаганга үйрөнөт. Дарексиз, аноним маалыматтар союз мезгилинен бери каралбаган жооп берилбеген.
Учурда анык жүз менен чыккандардын материалдарына,маектерине караганда, жалганга фейк материалга көбүрөөк ишенишет. Бул деген чындыка караганда жалган, ушака коомдун ынанып калган коркунучтуу көрүнүшү. Фейктердин материалдарына аарынын уюгундай жармашып, колдоп, талкуулап, жайылтып, ишенип алышат. Жумалап талкуулашып, жыйынтыгында кимдир бирөөнүн тагдыры фейктердин маалыматы аркылуу талкаланып жатканын ар бириңиздер жон териңер менен туюп турасыңар. Таң каласың. Ийгиликтер, аткарылган иштер, жакшылыктар жөнүндө өз өң, түсү менен берилген материалдарга маани да беришпейт. Ишенбесеңер байкагыла материалдарды карап. Азыр соцтармактарда жакшылыка караганда жамандыка көбүрөөк ыктап, көңүл бурулуп чыры-чууга түшүп жатып калган адатка айланып барататканы өтө өкүнүчтүү. Ошондуктан ЖКнын фейктер жөнүндө сунуш кылган мыйзамы эң керектүү, өз учурунда кабыл алынып жатат. Көп эле чыры-чуу кылып, депутат айымдын жекече аброюна, ар намысына шек келтирбегиле. Тескерисинче, Гульшат айым менен Айнура айымга рахмат айткыла.

Бир күн келет баарыңар туура мыйзам кабыл алынгандыгына ынанасыңар туугандар”,-деп Надира Нарматова жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости