www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин коменданты өзгөчө абалды узартууну сунуштады

Бүгүн, 12-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Таалайбек Өмүралиевди кабыл алды.

Жолугушууга ошондой эле Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Жаныбек Капаров, ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев катышты.

Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Таалайбек Өмүралиев өзгөчө абал режиминин алкагында аскер кызматкерлери кызмат кылуусун, анын ичинде Бишкек шаарынын комендатурасы менен өз ара аракеттешүүсүн улантып жатканын маалымдады.

Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев борбор калаада өзгөчө абал киргизилгенден тартып кылмыштуулук менен укук бузуулардын саны кескин кыскарганына токтолду. Ошол эле маалда Бишкек шаарынын тургундары тарабынан көптөгөн өтүнүчтөр айтылып жатканын билдирген Алмазбек Орозалиев буга байланыштуу коомдук-саясий кырдаалды мындан ары турукташтыруу үчүн борбор шаарынын аймагында өзгөчө абал режимин узартуу маселесин кароону сунуш кылды.

Эске салсак, Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте 9-октябрдан тартан өзгөчө абал режимин киргизген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости