www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буга чейин интеренет тармактарда география боюнча берилген суроолорго буйдалбай жооп берген үй-жайсыз делген адамдын видеосу тараган болчу. Бүгүн Бишкек шаарынын коменданты ал кишиге издөө салды: “Мектепте географияны мен дагы жакшы көрчүмүн! Биздин балдар бул сабакты билиши жана окушу керек деп ойлойм.

Бул үй-жайсыз адамдын энциклопедиялык билимине аябай таң калдым! Ошондой эле анын видеосун көрдүм. Тапкычтыгына баа бердим.

Урматтуу достор, бул постко комментарийлерде сизге анын координаттары же жайгашкан жери боюнча маалыматтары болсо калтырыңыздар. Биз тамак-аш азыктарын берип, адамдык колдоону көрсөтүүнү каалайбыз”,-деп жазган Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости