www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Асейин Саралаев:

Журналист Асейин Саралаев өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына өлкөдөгү милиция кызматкерлери тууралуу пикирин жазып чыкты.

"Ааламды каптаган алаамат Ала-Тообузга салам айтып келгенде биз үйлөргө жашынсак, дарыгерлер сыяктуу эле милиционерлер да кызматын токтотушпай, баарыбыздын коопсуздугубузду коргошуп аёону билбеген оорунун таркап кетпешине бөгөт катары элдин тынчтыгы үчүн өз милдеттерин абийирдүүлүк менен аткарып жүрүшөт. Бирок көпчүлүк учурда Өкмөт милиционерлерди өздөрүнө бекитилип берилген малай сыяктуу пайдаланып, айрым учурларда көз көрүнө укуктарын тебелешкенин токтотушпады.

Биздин укугубуз бузулса милициянын 102 номерин тергенге ашыксак, милиционерлердин өздөрүнүн укугу тебеленсе кайсы номерди теришет? Кимге айтышат көйгөйлөрүн? Албетте алардын үнү бийликтин жогорку бутагына жетпейт. Негизи эле казынадан акча алгандарды өз чөнтөгүнөн берип жаткансып дөөгүрсүгөн начальниктер, директорлор керек болсо министрлер да жок эмес! Эгер кайсы бири өз укуктарын коргоп чыкса "Ыйлагандын көзү жаман, айткандын оозу жаман" деген принцип менен кайра анын укугун тебелеп, керек болсо кызматынан кетирип, көздөрүн чукуп жоготушат. Бул өзгөчө күч органдарындагы союздан калган жазылбаган саркынды эреже катары сакталып келе жатканы өкүндүрөт...

Айтайын дегеним, кечээ эле журналисттер менен саясий ишмерлер өлкөдөгү карантин учурунда милиционерлерге убада кылынган акча каражаты берилбей жатканын, анысы аз келгенсип 1000 сомдон кармап калышканын айтып коңгуроо кагышты. Бирок, баары алгачкы күндөрдө эле башталгандай сезилген...

Эсиңиздерде болсо өлкөбүздө өзгөчө абал жарыяланган күндөрү эле милиционерлерди эч кандай санитардык нормалары сакталбаган Тулеевдин атактуу шалдырак автобустарына жыкжыйма кылып жүктөп алып кызматтарына ташып жүргөнүнө күбө болдук эле. Эмне үчүн милиционерлерге өзүнүн жеке унаасында кызматтарына келип кетүүгө тыюу салынганын азыркыга чейин түшүнбөйм?

Ар кайсы чоңдун 18 жаштагы токолдору каалаган пропускаларын алышып Бишкектин ээн көчөлөрүндө чартаңдап жүрүшсө милиционерлердин жеке унааларына тыюу салышып шалдыраган автобуска шыкашкан юморлору өтө өкүнүчтүү...

Кокустук болуп бирөө жарымга дарт жабышса автобустун ичиндеги ошончо адамга жабышпайт деп ким кепилдик берет? Ошондуктан өзгөчө абал учурунда милиционерлердин өздүк унааларын шаар ичине колдонушуна уруксаат берилиши керек.

Экинчи маселе милиционерлерге убада кылынган кошумча төлөмдөр боюнча.
Милиционерлер марттын ортосунан баштап "күчөтүлгөн тартипте" дем алышы жок иштеп башташканын билебиз. Аларга башында "бир наамга 3 окладдан эсептелет" деп убада берилген экен. Иш жүзүндө 3 оклад кошулмак тургай айлыктары азыраак түшкөн экен. Айрым жерлерде кечки саат 7-8 де үйлөрүнө кетирсе, кээ бир РОВДнын кызматкерлери кечки 9 га чейин кармалышат экен. Ошондо эң аз дегенде 12 сааттан иштешип түнкү 21:15 те жумуштарынан чарчап чыгышып шалдыраган автобуска тыгылып алып үйлөрүнө 1,5 саатта жетип жатышкан милиционерлердин абалын кандай деп бааласак болот?

Анан эң кызыгы Бишкекте кечки саат 21:00 де коменданттык саат башталгандыктан бардык азык-түлүк дүкөндөрү жабылат да? Ошондо милиционерлер кайсы учурда үйүнө азык-түлүк алышаарын да түшүнгөн жокмун? Милиционерлердин дем алыш күндөрү да иштеген акчасы берилбей, күнүнө 8 сааттан эле беш күндүн акчасын эсептеп айлык чегеришкен экен! Элестетип жатасызбы?! Эң аз 12 саат, дем алышсыз иштеген биздин милиционерлерди 8 сааттан беш күн иштеди деп эсептеп жатышкан экен? Өкмөттүн бул мамилеси укук бузуу эмеспи?

Анда эмне үчүн ооздорун көптүрүшүп милиционер менен дарыгерлерге кошумча акча төлөнөт деп ааламга жар салышты? Эмне милиционерлер Өкмөттүн жумшап алган бекер күчү, роботу же малайыбы? Өкмөт башчысы Абылгазиев бул маселеге көңүл коюп карап КЫРГЫЗСТАНДЫН МИЛИЦИОНЕРЛЕРИНЕ убада кылынган каражаттарын кыска мөөнөттө чечип берет деп тилек кылам.

Бул менин гана эмес бир топ кыргыз атуулдарынын тилеги деп айткым келет. Милиционерлердин же акчасын чечип бербей же жумуштарын жеңилдетпей "Силердин айлыгыңар көбөйгөн" деген өкүмзордук менен малайындай иштете бергени бир өлкөнүн имиджи үчүн аябай эле уят көрүнүш...

Учурдан пайдаланып ар бир милиционерге терең ыраазычылык билдирем! Сиздерге чоң рахмат!", - деп Асеийн Саралаев жазган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости