www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШда коронавирустан каза тапкан алгачкы аялдын өлүгүн изилдөө анын жүрөгү жарылып кеткенин көрсөттү. Бул тууралуу чет өлкөлөрдө COVID-19 боюнча кырдаалга жүргүзүлгөн мониторингде айтылды.

Италия жыл соӊуна чейин чет элдик туристтерге чек араларын ачпайт. Бирок коровирус пандемиясынан улам жабылган музейлер жана башкы ажайып жайлары май айында ачылышы ыктымал.
АКШда коронавирустан каза тапкан алгачкы аялдын өлүгүн изилдөө анын жүрөгү жарылып кеткенин көрсөттү. Медиктердин пикиринде, бул буга чейин дени сак адам үчүн адаттан тышкаркы кубулуш. Патологоанатом билдиргендей, COVID-19 инфекциясы ооруну жуктуруп алган аялдын жүрөгүнүн булчуӊдарын жырып салган.
Индиянын Гуджарат штатында көчмө лаборатория иштей баштады. Ал шаардан шаарга көчүп, медиктер бардык каалоочуларга жеринде коронавируска тесттен өтүүгө сунушташат.
Бразилия коронавирустун жаңы очогу болуп калды. Өлкөнүн ооруканалары толуп, бейтаптар каза болуп же ооруканадан чыгып кетмейинче жаңы бетаптарды кабыл ала албай жатышат. 2020-жылдын 26-апрелине карата коронавирустан 3 600дөн ашык бразилиялык каза тапты. 200 миллион калкы бар өлкөдө 53 000 адам илдетти жуктурган.
Эске салсак, Жон Хопкинс университетинин маалыматына караганда  дүйнөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 2 миллион 971 миң 90 адамга жетти. Ал эми каза болгондордун саны 206 миң 514тү түздү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости