www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2012-жылы турмушка чыктым. Ал күндөрү өзүмдү бактылуу сезип, алдыга көп ой максаттарды койдум. Мен үчүн күйөөм бактылуу жашоом болчу. Биринчи балам 7 айлык болуп төрөлүп, эки саат жашап чарчап калды. Мен баламды сагынып, көп ыйлап стрессте жүрдүм. Менин ишенген, таянган адамым менин күйөөм болчу. Бирок абалымды түшүнгөн жок. Мени көп урушуп, ар бир күнү жүрөгүмдү оорутчу. Ошентип жүрүп күйөөм такыр өзгөрүлдү, кайненем дагы такыр мени жактырбады. Менин мүнөзүм токтоо, жоош, жөнөкөй. Алар үчүн болсо дүкөн иштетип, ден соолугу чың бала төрөй турган келин керек болду. Күйөөм “сени менен жашай албайм” деп төркүнүмө таштап кетти. Менин "боюмда бар" дегенимди уккусу да келген жок. Бөлүп кетип калышкан. Чыйралдым. Балам төрөлдү. Дипломумду алдым. Ал үйлөнүп, кайра свадьба берип, кыздуу болуптур... Ызаландым! Мен тирүүлөй күйүп, азапка баттым. Арадан алты жылдай убакыт артта калды.  Баардык азаптарды жеңдим. Эми күйөөм мени интернеттен издеп, баламдын сүрөтүн сурап жатат! “Балам” деп жанаталашат. “Жашайлы?” деп. Азыр алыскы өлкөлөрдө иштеп жүрөм. Күрд улутундагы улуу киши менен мамиле кылам. Колумду сурап жүрөт... Бирок бир кезде сыздатып, таштап кеткен күйөөмө, деги эле адамдарга таңыркоом чоң. Кандай кадамдарга барарымды билбей ойлонуп жүргөн кезим...

Гүлмайрам Бактыбек кызы 

Последние новости