www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Билесиңер, конституция боюнча өлкөдө билим алуу акысыз болушу керек.
Убагында, мугалимдердин айлыгы аз, жашоо-шарты начар деп атып, атайын көшөгө артында фонддорду түзүп дагы алганбыз. Фонд акыры барып отуруп, кадимки эле чоң бизнеске айланып кеткен. Миллиондогон акчалар жүгүрүп турат ал жерде. Ата-энелердин канын соруп бүткөн андай фонддор. Бирок далай мектеп жетекчилерин ийгиликтүү “жеке ишкерлерге” айланткан. Акыры мындай фонддордун ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча билим берүү жана илим министрлигинин буйругу дагы чыккан. Себеби, ата-энелер чыдабай калган. Анткен менен, айрым Бишкектин мектеп директорлору министрликтин андай буйругун “уруп” дагы ойнобойт. Эмнеге? Себеби, шаар мектептери Бишкек шаардык мэриясына караштуу билим берүү башкармалыгына баш ийет.
Ал жерде көп жылдан бери жетекчи болуп Сауле Мейрманова деген айым отурат. Ал жетекчи маалында Кыргызстанда далай жаңы наристе төрөлүп, азыр бойго жетип калган маалы. Далай мэр менен иштешти, баардыгы менен тил табышты. Мектеп директорлору бул айымды кудайдай эле көрөт. Себеби, мектепте окуучулардан акчаны чогултууну ушул айым колдоп, ошонун аркасынан көптөгөн директорлор бутуна туруп жүрбөсүн?
Жогорудагы сүрөт 23 мектеп гимназиясындагы билим алган окуучунун ата-энесине таандык.
Булак: NazarNews.kg