www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги ооруканаларда коронавируска кабылган бейтаптарды дарылоо үчүн 1 367 бош орун бар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Күндөн-күнгө ооруканалардагы бош орундардын саны көбөйүп, бейтаптардын азайганы байкалууда. Азыркы учурда "Гансидеги" оорукана, Улуттук госпиталь жана Воронцовкадагы санаторийде бош орундар көбүрөөк.

оронавируска кабылгандар төмөндө көрсөтүлгөн ооруканаларга кайрылса болот.

  • "Гансидеги" оорукана — 531;
  • Улуттук госпиталь — 164;
  • Воронцовкадагы санаторий — 205;
  • №1 интернат — 100;
  • Республикалык наркология борбору — 89;
  • Азиздер жана көрүүсү начар балдар интернаты — 48;
  • №1 шаардык клиникалык оорукана — 34;
  • "Ынтымак" медресеси — 37;
  • Темир жол ооруканасы — 17;
  • Дайыр Асанов атындагы аскер лицейи (Суворов училищеси) — 47;
  • Улуттук кардиология жана терапия борбору — 15;
  • Rixon мейманканасы — 21;
  • Кыргыз мамлекеттик медицина академиясы — 22;
  • Discovery мейманканасы — 23.
  • Улуттук хирургия борбору — 14.

Буга чейин Бишкек шаардык мэриясы күндүзгү стационарларга кайрылгандардын саны дагы кыйла азайып жатканын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости