www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда антисептикти ичип алган кыз каза болуп калды

Казакстандын Акмола облусунда 5 жаштагы кыз антисептик ичип алып каза болгонун NUR.KZ басылмасы жазды.

Сандыктау райондук ооруканасынан билдиргендей, дем алыш күнү аларга беш жашар кыз келип түшкөн. Наристе клиникалык өлүм абалында болгон.

Дарыгерлер адреналинден баштап, өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттарга чейин кошуп тийиштүү чараларды көргөн. Бирок кыз ооруканага келгенден кийин жарым саатта каза болгон.

Белгилүү болгондой, ал 27 жаштагы тууганы менен үйдө болгон. Ал эми ата-энеси ажырашып кетишкен. Апасы окуя болгон учурда жумушта жүргөн. Кыз антисептиктин бөтөлкөсүн таап алып,  ал суюктукту шире (сок) деген ойдо ичип жиберген болушу мүмкүн деген версиялар айтылууда.

Учурда бул иш боюнча текшерүү жүрүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости