www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкө аймагындагы мелдештерге катышкан спортчулар суткасына 109 сом алат. Алар бул акчага үч маал тамактанышы керек. Мындайча айтканда, ар маалкы тамагына орто эсеп менен 36 сом жумшайт экен. Ага кандай тамак келет? Түрмөдө отурган кылмышкерлерге деле ушунча акча сарпталат эмеспи. Бул тууралуу депутат Максат Эгембердиев Олимпиялык резервдер республикалык окуу жайында өткөн Бюджет жана финансы боюнча комитеттин көчмө жыйынында спорт мектебин каржылоо маселеси каралып жатканда билдирди. Бул тууралуу маалыматты Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.

«Отурган адам менен мелдешке түшкөн адамдын айрымасы бар да. Анан кантип мыкты мыкты спортчулар чыгат? Эгерде биз аларды каржылоо маселесин жакшыртпасак, анда алардын ден-соолугуна кедергиси тийет. Анда бул окуу жайынан мыкты спортчулар даярдалбай эле, ар кандай оорукчан жаштарды чыгарып калабыз», - деди эл өкүлү. Ал эми депутат Руслан Казакбаев ошол 36 сомго тамак тургай бир чөйчөк кофе дагы келбесин кошумчалады.

Андан тышкары, Олимпиялык резервдер окуу жайы окуу куралдары менен 60-70 пайызга гана камсыздалганы, 1 китепти 3-4 окуучу колдонуп жатканы белгилүү болду. «Окуу куралдары жетишсиз болсо, анан жаштар кантип билим алат? Оӊдоо иштерине 34 млн сом сурап жатыпсыӊар, директордун кычыраган кабинетин көргөн адамдар силердин имаратыӊардын баары жайында экен деген ойдо калышы мүмкүн. Кыязы, мурда оӊдоп-түзөө жумуштарына бөлүнгөн каражаттын баары директордун кабинетине жумшалган окшойт», - деди депутат Бакытбек Райымкулов.

Спорт мектебинин директору К.Эргешов кабинет ал келгенге чейин оӊдолгонун, директорлукка дайындалганына үч эле ай болгонун билдирди.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости