www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы депутат Гүласал Садырбаев, кыргыздын чыгаан уулу, бир тууганы Дооронбек Садырбаев тууралуу өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып, коомчулукка сунуштады.

Гүласал Садырбаеванын эскерүүсү толугу менен:

Арман ай, биздин кайгылуу, чоң жоготууга кабылганыбызга быйыл он жыл болуптур. 2008-жылдын 28-майында биз үчүн эң кымбат
адамыбыз,таянар тообуз, Кыргыз Эл баатыры, Кыргыз Эл артиси, Жогорку Кеңештин үч жолку чакырылышынын депутаты, чыгаан саясатчы, кинорежиссёр, кыргыз элинин ДОКЕсинен айрылганбыз.
Ал кезде биз үчүн жашоо токтоп калгандай сезилген, бирок убакыт баарын даарылайт экен, жашоо уланып жатат, Докесиз...
Туулган күнүнө карата бир топ чыгармаларын соцтармактар аркылуу жарыялап, кыргыз элинин акемди сагынганын, чыгармаларын берилип, ынтызаарлыкта окугандарын, жазган пикирлеринен, колдоп баскан каалоолорунан байкадым.
Агамдын күйөрмандарына, туугандарынын атынан биз менен кошо эскерип жүргөндөрүңүзгө терең ыраазычылык билдиребиз! Бар болгула!

Дооронбек Садырбаев, “Үзүр суроо”

Башың-баш,багалчагың кара таштан,
Бачагар барга айдаса жокко качкан.
Кан жолдо канжыгадан жолугарбыз,
Кайрымсыз апат күнгө бара жатсаң.

Кезинде мени белге тепкен кыргыз,
Кемсинтип кешигимди төккөн кыргыз.
Кыжаалат болуп турсам атым чарчап,
Кылчайып карап койбой өткөн кыргыз.

Өтүгүн өнөргердин чечкен кыргыз,
Манчыркап мансабына кеткен кыргыз.
''Оозуна киргенди оттоп сүйлөбө''-деп,
Ороңдоп сакалдуусун сөккөн кыргыз.

Бозоруп жолдо калсам, боорун тырмап,
Борсулдап күлгөн кыргыз жаны жыргап.
Ырысын кыйган далай ынагынын,
Ыбырсып, ыман-дилге ниет булгап.

Ар жерге айылчылап барган кыргыз,
Ар кимден карыз-коола алган кыргыз.
Балтыр эт байлана элек ымыркайын,
Бага албай башы айланып калган кыргыз.

''Бийлик''-деп, бир тууганын аткан кыргыз,
''Мансап''-деп, максатташын саткан кыргыз.
Жардынын чокой боосун бөлүшө албай,
Жагжаңдап жакалашып жаткан кыргыз.

Оолукма опур-топур-кара кыргыз,
Орусча түш жооруган-чала кыргыз.
Кыйтыйып жумуртканын кырын тапкан,
Кылтакчы кызыталак-ала кыргыз.

Калчаган журт тагдырын кашка кыргыз,
Калкынан ой-максаты башка кыргыз.
Ойдо-ылдый, өөдүк-сөөдүк табылгасын,
Өзгөгө таңуулаган шашма кыргыз.

Турамын үзүр сурап баарыңардан,
Чал-чабыр, кемпир-кесек карыңардан.
Бийликтин ''талпагына''минип алган,
Мине элек бозой-уландарыңардан.

Карыптык башка түшүп заман тарып,
Кайрадан эски жара жаңыланып.
Бейдарек белде калсам ач-жылаңач,
Солкулдап сокур көздөн жаш чыгарып.

Таарынбайм-тастактатып өткөнүнө,
Арданбайм-арзан сатып кеткенине.
''Ашмалтай ата мурас шыбагам''-деп,
Кейибейм кендиримди кескениңе.

Кайылмын кабыргамды сөккөнүнө,
Үшкүрбөйм үмүт оту өчкөнүнө.
Мазактап сакалымды, чапанымды,
Макулмун максатына жеткениңе.

Алкайын ак тилектен бата кылып,
Тартайын азабыңды таңда туруп,
Өзүнө өмүр сурап, өрүш сурап,
Өтөйүн жаратканга кулдук уруп.

Эгер сен эл мүдөсүн самай алсаң,
Ааламга адил тиктеп карай алсаң.
Жалтанбай Ата Журттун ар намысын,
Жалаадан сактаганга жарай алсаң, - деген 1992-жылы жазылган ырын социалдык тармакка жүктөдү.

Ошентип, “Мурдуна бок сүйкөлгөн кыргыздар, дагы тарткылыгың алдыда экен”, деп ачуу айткан Дооронбек Садырбаев агабыздын жарык дүйнө менен коштошконуна 10 жылдын жүзү болуптур. Тагдырдын тамашасын кара, мурдуна бок сүйкөлгөн кыргыз, карызга батып, маңкасы чубалып келе жатканы айдан-ачык болуп калды.  Дооронбек агабыз тирүү болгондо дагы не деген түркүн сөздөрдү жазмак. Эми агабыздын жаткан жери жайлуу болуп, бейиштин жемишин терип жеп, арбагы кыргыз элинен ыраазы болсун, омийин.

Ал эми Дооронбек ага, Сиз айткан мурдуна бок сүйкөлгөн кыргыздын – мурдундагы богу дагы эле аарчылбай катып турат...  

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости