www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"KAZ Minerals Bozymchak" компаниясынын башкы директору Ильяс Тулекеев кармалып, бошотулганы, тергөө уланып жатканы расмий бышыкталды. Ишкана 2014-2016-жылга карата 55 миллион сомдон ашуун салыкты төлөп берди. Бул тууралуу Азаттык билдирди.

Учурда Тулекеев Кыргызстанда экенин "KAZ Minerals Bozymchak" ишканасынын басма сөз катчысы Елена Трегубова билдирген.

Тулекеев 26-майда "Манас" эл аралык аэропортунда кармалып, тергөө абагына камалган. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы кабарлагандай, ал "салыкты жаап-жашырган" деп шек саналып, ошол күнү айып тагылган.

Анын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси ("Чарба жүргүзүүчү субьектилердин кызмат адамдарынын салыктарды жана милдеттүү камсыздандыруу акыларынан четтеши") менен кылмыш иши козголгон. Бишкектин Биринчи май райондук соту аны камактан бошоткон.

Ильяс Тулекеев "KAZ Minerals Bozymchak" жоопкерчилиги чектелген коомун түзүлгөндөн бери жетектеп келатат. “KAZ Minerals Bozymchak KAZ Minerals PLC” компаниясына кирет. Аталган компания Кыргызстанда 2007-жылы "Казахмыс Голд Кыргызстан" деген аталыш менен иштей баштаган. 2015-жылдын 31-октябрында "KAZ Minerals Bozymchak" болуп өзгөргөн. Компания "Ала-Бука" районундагы Бозумчак алтын-жез кенин иштетет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости