www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мектепте мугалимдердин айлыгын көтөрбөй башкача реформа башталды. 25-май официалдуу болбосо да бүтүрүүчүлөрдүн майрамы, мен кыргыз дегендин дээрлик 100 пайызы мектептен окушкан. Вице-премьер «Бабановчул» Өмүрбекова менен билим министри «Кудай» болуп бараткан Кудайбердиеванын реформасы боюнча окуу жылы 10-сентябрга которулат. «Орун алмашуудан сумма өзгөрбөйт», лекин анда бүтүрүү кечеси 4-июнга жылат. Эртең башка бирөө келсе кайра ордуна койот. Анткени 25-майга көнүп калганбыз. Билим майданында кимдер олуттуу иш кылды:
1. СССР убагында Каниметов деген сопсонун министр болгон.
2. Чынара Жакыпова, Аскар Какеев -«Сороско» таянып алышып, мектептерди мүлжүшкөн. Мектепте сабактан башка эчтеке калбай калган. Факультатив, кружок дегендин бары жок болгон.
3. Камила Шаршекеева, Мира Жангарачева (вице-премьер)-булардын убагында уланган, бир аз реформа кылабыз дешкени менен, бирок бир кулагы Акаевди угушкан.
4. Ибрагим Жунусов (вице-премьер), Мусаев –булар акчанын күчү менен кызматка келишкен.
5. Канат Садыков, Каныбек Осмоналиев, Камила Талиева (вице-премьер)- бийликке акаарат айтышып, билим берүүнү сактап калгысы келишкен.
Эми жаңы реформа башталды, көнүп алган күндөрдү жылдырыш керек, деген пикирин Азизбек Келдибеков билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости