www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Мамлекеттик бажы кызматынын Борбордук бажы бөлүмүнүн мурдагы башчысы Нурбек Айбашевдин бөгөт чарасын карап, тергөө бүткүчө камакка алды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы билдирди.

Нурбек Айбашев 25-майда ушул кызмат тарабынан кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча айып тагылган.

Тергөө учурунда Борбордук бажы бөлүмүнүн мурдагы башчысы Нурбек Айбашев “А” ЖЧКсынын өкүлү менен мурдатан сүйлөшүп алып, Кытайдан товарларды мыйзамсыз ташып келүүгө көмөктөшкөнү аныкталган.

Тергөөнүн материалдарына караганда, 2015-жылы Нурбек Айбашев менен аффилирленген “А” фирмасы “U.Q.I.T.C.L.” фирмасы менен Кытайга тери, бут кийим жана башка ушул багыттагы товарларды ташуу тууралуу келишим түзгөн. Кийин Айбашев Бажы Биримдигинин Бажы кодексин жана Кыргызстандын бажы мыйзамдарын бузуу менен товарларды атайылап жалган идентификациялоо аркылуу бажы аймагынан сырткары бажы процедурасын колдонууга уруксат берип салган.

Тергөөнүн материалдарына ылайык, Нурбек Айбашевдин мындай чечими менен “А” фирмасы бажы аймагынан сырткары тери иштетүүгө укук алып калганы айтылат. Өз кезегинде “А” фирмасы Мамлекеттик бажы кызматынын бул уруксатынын шарттарын бузуу аркылуу товарды товарларды кайра иштетүүчү “U.Q.I.T.C.L.” фирмасына эмес, башка “S.K.” аттуу компанияга жеткирип турган. Товарларды бажы аймагынан сырткары өндүрүүгө мыйзамсыз берилген уруксаттын натыйжасында 166 млн. сом бажы төлөмү мамлекеттик бюджетке түшпөй калганы маалымдалды.

Бул факты боюнча Нурбек Айбашевдин үйүнө тинтүү да жүргүзүлгөн. Тергөө улануудам - деп билдирди Азаттык.

Мамлекеттик бажы кызматынын Борбордук бажы бөлүмүнүн мурдагы башчысы Нурбек Айбашевдин үйүнө тинтүү учуру. Оперативдик видео.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости