www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Карганбек Самаков жана анын беш жакын адамын сот системасына көө жапкан, ошол кездеги соттордун кудайына айланган, сот тутумунун куратору Манас Арабаевдин түздөн-түз буйругу боюнча соттошту. Өзгөчө элпектик жана одоно мыйзам бузуу менен бул буйрукту Октябрь районунун соту Дамирбек Назаров аткарды.  

Президент С.Ш.Жээнбековдун Сот реформасы боюнча кеңештин кеңешмесинде сүйлөгөн сөзү алдыдагы позитивдүү өзгөрүүлөрдүн жышааны болуп калды. Ушул убакка чейин соттордон запкы жеген К.Самаковдун адвокаттары Дамирбек Назаровдун көптөгөн мыйзамсыз аракеттерине карата даттанууларды Соттор кеңешине караштуу тартип комиссиясына жазышты. Алар тарабынан чыгарылган ЖАСАЛМА өкүмдүн өткөн число менен жасалышы өзгөчө көңүл бурууну талап кылат.  Д.Назаров бир өкүмдү угузуп, үч күндөн кийин кол коюп, өзгөртүлгөн өкүмдүн жарымын берген. Бул   ага “флешкада” даяр өкүмдү алып келип беришкендиги жөнүндө кабарлайт. Ага иштин мөөнөтүн жана “Самаковду жана анын баласын бүгүн, мынча жылга соттойсун” деген шарт коюшкан.  Мыйзам боюнча угузулган жана кол коюлган өкүм  окшош болуусу керек. Ошондуктан сот Назаров иштен гана кетирилбестен, кылмыш жоопкерчилигине да тартылышы керек. 

Биз Соттор кеңешине караштуу тартип комиссиясынын жана башка тийиштүү органдардын Д. Назаровго мыйзам чегинде чара көрүүсүнө жетишүүгө аракет кылабыз жана буга абдан ишенебиз.

Самаковдун тарапташтары

Булак: NazarNews.kg

Последние новости