www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусундагы №16 абакта үч киши оозун тигип алганын Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү "Азаттыкка" билдиришти. Маалыматка караганда, аталган институтка абактагылардын жакындары кайрылып, алардын абалына көңүл бөлүүнү өтүнүшкөн. Акыйкатчы институтунун кызматкерлери учурда камакта отургандар менен жеринде сүйлөшүү жүргүзүп жатышат. Алар толук маалымат сүйлөшүү бүткөндөн кийин берилээрин айтышты. Бул тууралуу Азатык билдирди.

№16 колонияда жолугушуу өтүп жатканын Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова да "Азаттыкка" ырастады. Анын айтымында, абактагылар оозун тиккен эмес. Үчөө тең ички тартипти бузгандыктан, колония жетекчилиги аларды штраф жайына (ШИЗО) камоону чечкен. Соттолгондор буга каршылык иретинде оозун тиге турганын билдиришкен.

Бул колония Чүйдүн Москва районундагы Беловодское айылында жайгашкан. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости