www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынан 20 жаштагы кызды алып качып бара жаткан 29-30 жаштар чамасындагы эркек киши аны милиция бөлүмүнүн имаратында бычактап салды. Алдын ала маалыматтар боюнча, 1998-жылы туулган. Аты-жөнү Турдаалы кызы Бурулай. Маалыматтарга караганда кыздын денесине 5 жолу бычак сайылып, жеринен каза тапкан. Кызды бычактаган адам өзүнө бычак шилтеп, оор жаракат менен аймактагы ооруканага жеткирилген. 

Turmush басылмасына булактар аркылуу маалым болгондой, Бишкек шаарынын тургуну 20 жаштагы кызды үй-бүлө куруу максатында ала качкан. Бул тууралуу маалымат алган Биринчи май РИИБдин кызматкерлери алар бара жаткан унааны Бишкек–Ош унаа жолунда токтоткон. Милиция кызматкерлери тактоо иштерин жүргүзүү үчүн аларды жакынкы милиция бөлүмүнө алып барышкан.

NazarNews сайтына жеткен маалыматтарга таянсак, милиция кызматкерлери бир кабинетке экөөн калтырып койгон. Жигит кызды кабинеттин эшигин жаап туруп бычактап, андан кийин таластык жигит өзүнө кол салган. Каза болгон кыз, өлтүргөн жигитке эмес, жакында башка жигит менен турмушка аттанмак экен.(Төмөндө кайтыш болгон кыздын сүрөтү)

Ал эми Чүй ОИИБ: «Кечээ, 27-майда саат 22:00 чамасында Биринчи май РИИБге 20 жаштагы кызды үй-бүлө куруу максатында ала качып кетишкени тууралуу билдирүү түшкөн. Бул факты боюнча Чүй облусундагы жана Бишкек шаарындагы милиция кызматкерлерине тапшырма берилген. Андан көп узабай Сосновка айылындагы посттон Чүй ОИИБдин кызматкерлери тарабынан 29 жаштагы Б.М. башкарып бара жаткан «Субару-Аутбэк» үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, айдоочусу жана анын ичиндеги жүргүнчүлөр — 30 жаштагы С.А. (эркек киши) жана 20 жаштагы Т.Б. Жайыл РИИБге жеткирилген. РИИБдин кызматкерлери керектүү кагаздарды толтуруп жатканда 20 жаштагы кыз жарандарды кабыл алуу бөлүмүндө отурган. Бир аз убакыттан кийин ал бөлмөгө Б.М. (кызды ала качып бара жаткан киши) кирип, ичинен бекитип алган. Ал бөлмөдө уруш-талаштын дабышы угулуп, эшикти талкалап кирген милиция кызматкерлери кызды канга боёлгон абалда табышкан. Ал эми ага кол салган киши өзүнө кошо бычак сайып, алар дароо оорукана жеткирилген.", деген маалыматты тараткан.

Булак: NazarNews.kg    

Последние новости