www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, Бюджет жана финансы комитети Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан алынган кредиттердин жана гранттардын пайдаланылышы жана аларды кайтаруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу Өкмөттүн маалыматын укту.

Финансы министри Адылбек  Касымалиевдин ырасташынча 1992-жылдан бери Кыргызстан сырттан 10млдр. долларга чукул насыя - грант алган.  Анын 72%насыя, 22%, же  2 млрд 777 млн доллары грант.  Негизги кредиторлор Кытай, Азия өнүктүрүү банкы, Дүйнөлүк банк, Оруссия. Каражаттын басымдуу бөлүгү - жол тармагына 25%, энергетикага 21%,  бюджетти колдоого 27%, айыл чарбасына 6% жана аз бөлүгү социалдык секторго кеткен.

Суроо-жоопто эл өкүлү Марлен Маматалиев кээ бир тармактарга берилген грант-кредиттер 10-20 жылдан бери өздөштүрүлүп бүтпөй жатканынын жөнүн сурады. Башкы финансист муну көпчүлүк долбоорлор көп жылдан бери улантылып келе жатканы менен түшүндүрдү.

Ал эми депутат Зиядин Жамалдинов сырттан келген гранттар элге насыя катары үстөк пайыз менен берилип жатканын, ошондой эле келген насыялар 5-10 миллиондоп пайдасыз ишканаларга берилгенин жана бүгүнкү күндө ал ишканалардын дайыны жок экенин сынга алды. 27 жыл ичинде насыя-гранттар менен ишке ашкан кайсыл долбоорлор өз жемишин берди деген депутаттардын суроосуна өкмөт мүчөлөрү так жооп бере алган жок. Андан тышкары, эл өкүлдөрү алынган насыя-гранттардын өздөштүрүлүшүнө анализ жүргүзүлбөгөнүн катуу сындады. Депутаттар  318 млн. доллар коротулган таза суу долбооруна окшоп, көптөгөн долбоорлор ара жолдо калганын белгиледи.

Депутат Айсулуу Мамашева транспорт жана жолдор министрине кайрылып: “Кандай гана жол курулбасын сөзсүз түрдү тартип бузуулары аныкталып, кылмыш иштери ачылып жатат. Жол тармагына алынган насыялар алардын колдонулушу үчүн сиздин кол алдыңыздагы адамдарга иш ачылып жатканы үчүн сиз да жоопкерсиз”, - деди.    Айсулуу Мамашева  депутат катары Датка-Кемин  электр линиясынын техникалык экономикалык негиздемесин Энергохолдингден сурап ала албай койгонун, негизи кредиттер менен гранттарды өздөштүрүү ачык-айкын эместигин сынга алды. Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Марипов депутаттын сөзүн тастыктап, аудиттен Балыкчы-Корумду жолун курууда 119 млн. сомдук тартип бузуу табылганын билдирди. “Долбоордун сметасында сульфатка туруктуу цемент алынат деп көрсөтүлүп, бирок иш жүзүндө жолду курууда жөнөкөй цемент колдонулган. Мындан 119млн сомдук тартип бузуу табылган,”- деди эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Марипов.  

Эл өкүлдөрү эң көп насыя салынган энергетика тармагындагы көйгөйлөргө көңүл бурду. Маселен, эң эле жөнөкөй акылдуу эсептегичтерди онотууда башаламандыктарга жол берилүүдө. Ал тургай эсеп палатасы да акылдуу эсептегичтердин баш аягын таба албай жатканы айтылды. Депутат Акылбек Жапаров 27 жыл ичинде 2 млн 777 млн. таза гранттын дайыны кайда деген суроо салды. Депутат алынган акчалардын эсеби жок экенин сынга алып, карызды эффективдүү пайдалануу жана  тышкы карызды туруктуу тейлөө саясатын туура жүргүзүү керек деди. Эл өкүлдөрү бул өлкө эгемендиги үчүн кооптуу экенин билдирип, кыска мөөнөтүк насыяларды алууну токтотуу керектигин белгиледи.

“Кытайдын Эксимбанкынан болгону 20 жылдык мөөнөткө карыз алгансыңар. Бул өтө кыска убакыт, эртең эле келип калат. Мына Түндүк-Түштүк жолу, ЖЭБдеги башаламандыктар бүтпөй жатып биз Эксимбанкка карыз төлөп баштадык. Быйыл 60 млн. доллар төлөптүрбүз. 2023-жылы 300 млн. доллардын тегерегинде төлөп калабыз. “Долговая лавушка” деген бар. Ага түшүп калсак, өлкөнүн суверендүүлүгү жөнүндө сөз болуп калат",-деди Акылбек Жапаров.

 Соңунда депутаттар алынган насыя-гранттардын эффективдүү иштетилишин иликтөө боюнча атайын жумуш тобун түзмөй болду. 3 айдан соң иликтөөнүн алгачкы жыйынтыгын чыгарат деп билдирет ЖК Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости