www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аттиң, арман, дүйнө бок,
Бүгүн барың эртең жок...

Шум ажал жашы кичүүрөк болсо да, мен үчүн жаны курбу болуп калган Султанды алып тынды...
Өткөн жумада эле: "Түрк врачтар: "Операциядан кийин 12 күн жатыш керек эле, 3 күндө эле туруп кеттиңиз..." -деп таң калышты. Буйруса, жакшы болуп баратам, Меке...",-деди эле... Жашагысы келди эле...
Азыркы "Эркин-Тоонун" биринчи санын чогуу чыгарып, гезитти бутуна тургуздук эле... Министр болуп дайындалганга чейин дээрлик 3 жыл чогуу иштеп, бир кабинетте олтурдук. Качан болсо, Меке деп, сыйынан жазган жок... "Меке, кызматыбыз жөнөкөй болсо да, Ак үйдүн 7-кабатында лөктөрдүн катарында отурган экөөбүздөй дагы болоор бекен..."- деп күлүп калаар эле... АДАМ эле, АЛП эле... Чыныгы универсал, чыгаан калемгер эле... Кыргыз журналистикасынын куту эле...
Жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун, Султан!

Мелис Айдаркулов

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости