www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Биз динди өйдө коюшубуз керекпи же билимдиби?

Диндик экстремисттик идеялардын ачык чыгып жатканы боюнча эч бир үн дагы сөз дагы жок. Мындай пикирди бүгүн, 30-августта NazarNews маалымат агенттигине Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков билдирди. 

- Эң өкүнүчтүүсү кыргыздар улуттук идеологияны унутта калтырып, диний багытка өтүп бара жатабыз. Биз билимди өйдө коюшубуз керекпи же диндиби?

- Кыргызстан мамлекети үч жолку төңкөрүштөн кийин, бул идеология бизде жок, бул багыт болбойт, бул кызмат болбойт деп акыры госсекретарь кызматын коюшкан. Ошол госсекретарь Кыргызстандын идеологиясын иштеп чыгышы керек. Ошонун негизинде гана биз өсүп-өнүгүп коомду, стабилдүүлүктү, коопсуздукту сактайбыз. Ошол багыттарда иштерди алып барабыз деп жетекчилер бир нече интервьюларды беришкен. Андан бери бир топ убакыт өттү. Бирок расмий түрдө бүгүнкү болуп жаткан окуялар боюнча, диндик экстремисттик идеялардын ачык чыгып жатканы боюнча эч бир үн дагы сөз дагы жок. Демек, алар ошол боюнча концепция жасап жатышат же даяр эмес.

Кыргызстан үчүн негизги идеологиялардын бири бул - улуттук патриоттук сезим, Кыргызстандын коопсуздугу жана стабилдүүлүгү деп ойлойм. Ушул нерсени ишке ашырабыз десек биз улуттук патриоттук сезим боюнча, динди кандай туура карманыш керек, диндин бүгүнкү күндөгү тийгизген таасири боюнча сабаттуулугубузду арттырышыбыз керек. Ошондо гана биз алдыга жылып, бүгүнкү замандын талабына ылайык иштерди алып бара алабыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости