www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Биздин милдет - токойлордогу мөмө-жемиштерди коргоо. Мындай пикирди эл аралык “МИСТЕLAND” деген аталыштагы мисте фестивалынын жүрүшүндө NazarNews маалымат агенттигине Токой чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Азамат Эркебаев айтты.
--“Жалал-Абад Кыргызстандагы эң мөмө-жемиштерге бай облус болуп саналат. Бул жакта мөмө-жемиштин көптөгөн түрүн тапсаң болот. Мисалы, Арсланбаптагы жаңгакты, Базар Коргондогу, Ноокендеги мистени айтсак болот. Ошондуктан бул жактагы токойлор көбү корукка алынып биздин карамакка өткөн. Тактап айтканда токой чарба мамлекеттик агенттик көзөмөлдөйт.
Учурда биздин токойчулар, тиешелүү адистер мөмө-жемиштердин бактарына курттарды түшүрбөөгө аракет кылып, даарылап турушат. Ошону менен катар кыйылган бактарынын ордуна жаңы көчөттөрдү отургузуп, толуктап келишет.
“МИСТЕLAND” фестивалына дагы биз мистенин көчөттөрүн алып келип, жарманкеге көргөзмө катары койдук. Бул иш-чарадан пайдаланып, жаратылышты коргоого дагы багытталган "Кыргызстандын экономикасындагы жана климаттык өзгөрүүсүндөгү мистенин мааниси жана ролу" деп аталган эл аралык бизнес-илимий-практикалык форум өттү.
Анда көптөгөн экологдор, адистер, илим изилдөөчүүлөр мистени коргоого багытталган пикирлерин айтышты. Баарыбызга белгилүү болгондой акыркы убактарда климат тездик менен өзгөрүп жатат бул учурда биз мистени кантип коргоп, алдын алышыбыз керек? Ушул суроолорго талкууда жоопторду алдык десем болот.
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Токой чарба мамлекеттик агенттиги дагы мистени даңазалаган “МИСТЕLAND” фестивалын колдоого алдык. Мына жергиликтүү бийлик менен иш-чараны жогорку деңгээлде өткөрүп алдык", - дейт Эркебаев.
Кошумчалай кетсек, 28-август күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында Кыргызстанда алгачкы жолу эл аралык “МИСТЕLAND” деген аталыштагы мисте фестивалы өттү.
Булак: NazarNews.kg