www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров:

Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасынын 50% ашык жери макулдашылды. Бул тууралуу президент бүгүн, 30-августта, Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата дипломатиялык миссиялардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди.

"Тажикстан менен сүйлөшүүлөр активдешип, мамлекеттик чек аранын жалпы узундугунун 50% ашык жери боюнча макулдашылды. Тажикстан менен чек ара маселесинин жыйынтыгын чыгарыш үчүн кыргыз-тажик өкмөттөрү саясий чечим кабыл алып, бири-бирин сыйлоо жана урматтоо принцибинин негизинде сүйлөшүүлөрдү улантышыбыз зарыл", - деди Жапаров.

Иш-чарага чет мамлекеттердин элчиликтеринин жана эл аралык уюмдардын 50дөн ашуун жетекчилери катышты.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык топтор эки өлкөдө алмак-салмак жолугушууларды өткөрүүдө. Акыркы жолугушуу Дүйшөмбү шаарында 4-9-август күндөрү өттү.

Белгилей кетсек, буга чейин акыркы үч айда Кыргызстан менен Таджикистандын тактала элек чек арасынан 40 чакырымы боюнча жумушчу топ орток пикирге келип, кол коюлганы маалымдалган.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970 чакырымдай, анын 519 чакырымы такталган.

Эске салсак, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында куралдуу кагылышуулар болуп турат. Акыркы жолу быйыл 28-апрелден 1-майга чейин уланган куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши курман болгон, анын экөө жаш бала. 180ден ашуун киши жаракат алган. Тажик тараптан 19 киши өлүп, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости