www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында режиссёр Болот Шамшиевдин элесине арналган "Кыргыз керемети" сүрөт көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Ага ылайык, сүрөт көргөзмө менен катар эле актриса Айтурган Темированын чыгармачылык кечеси болот.

Бул иш-чара 2021-жылы Кыргызстанда белгилене турган төрт маанилүү датага карата уюштурулуп жатканы айтылды. Алар:

Кыргыз улуттук киносунун 80 жылдыгы;

"Кыргыз киносу кереметинин" авторлорунун бири, дүйнөгө белгилүү кинорежиссер Болотбек Шамшиевдин 80 жылдыгы;

Актриса Айтурган Темированын чыгармачыл ишмердигинин 50 жылдыгы;

"Ысык-Көлдүн кызгалдактары" фильминин 50 жылдыгы.

Сүрөт көргөзмө менен актрисанын чыгармачылык кечеси 30-август күнү саат 16:00дө Ош шаарындагы "Семетей" кинотеатрында өтөрү кошумчаланды. Кирүү акысыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости