www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Ирандан мистенин чыбыктарын алып келип, биздикине улап өстүрөм”, - дейт Ноокен районунун тургуну Бүркүт Дууланакунов.

--“Мен көп жылдан бери мистени илимий жактан изилдеп, аргындаштырып өстүрүп келем. Мисалы, Ирандан мистенин чыбыктарын алып келип, биздикине улап өстүргөм. Азыр 8 түрү бар. Бирок, Ноокендин таза мистесине жетпейт. Даамы супсак, анан аппак болуп калат экен. Ноокендики кантсе дагы бул табигый да. Кыргызстанда эки эле аймакта өсөт. Айрым жерлерде коктуларда бар дешет.

Жалпы 10 гектер жерге мисте өстүрөм. Биз бир күн жүрүп 50-60 килограмм жыйнайбыз. Аны үйдө кургатып, сыртындагы кабыгын аарчыйбыз. Бир аз салмагын жоготот. Азыр мисте тергендер көп. Адырга барсаң, бири-бирине карабай терип жатканын көрөсүң. Токойду ижарага алган адамдар киши жалдап теришет.

Ноокендеги Тоскоол-Ата токой чарбасынын аймагында аябай жакшы түшүм берди. Мурдагы жылдары тоо аралап басып, эки-үч күндө араң чогултуп алаар элек. Кургатылбаган чийки мистени 450 сомго, кабыгы аарчылып, кургатылганын 500 сомго чейин сатып жатабыз.

Мисте терүү да өзүнчө түйшүк. Дарактын башына чыгышың керек. Кээде жыгылып түшөсүң. Чайырынан колуң карайып, кесилип кетет. Кечке 10-15 чакырым тоо аралап жүрүп катуу чарчайсың. Терилген мистеңди жакшы баада сатсаң жакшы”, - дейт тургун.

Кыргызстандын шартында мисте токойлору бийик тоолуу, суусуз аймактарда өскөндүктөн түшүмү майда келет. Мисте дарактарынын айрымдары 350–400 жылга чейин мөмө берет. Данегинин маңызында 54–60% май, 18–25% чейин белок болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости