www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Эгерде Акаев Кумтөрдү бербегенде мындан да көп эсе жетишкендик болмок", - деди бүгүн, 30-августта NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Рамазан Дырылдаев.
- Рамазан агай, эгемендикке ээ болгонубуздун 30 жылдыгын майрамдаганы турабыз. Бул жылдары тапканыбыз көп болдубу же жоготконубузбу?
- Туура, эгемендиктин 30 жылдыгын белгилеп, бул жылы өзгөчө жыл болушу керек эле. Майрамдык маанай жок, Кыргызстанды сызга отургузган Акаев үчүн майрам болуп калды деп бир топтору мага жазып жатышат. Акаев Кумтөрдү бербегенде кыргыз эли байлыгы ташкындап жаткан араб өлкөлөрүнүн катарына кошулуп калмак. Кыргыздар көр оокаттын айынан дүйнөнү кыдырып нан таап балдарын багыш үчүн түрдүү жумуштарды жасашмак эмес. Россиянын шаарларында эч ким кордоп, өлтүрмөк эмес. Зээнди кейитип, кыздарыбыз сойку болбойт эле.
Кыскасы, кыргызды бир орусту калькулятор менен урду деп эч коркутмак эмес, Лаврову, Москалкову, Жириновский баш болуп. Ошондой болсо да кыргыз эң бактылуу улут. Себеби эгемендүү өлкөнүн ээси. Дүйнөдө 20-30 миллион калкы бар күрддөр, уйгурлар эзилип кор болуп жүрүшөт.
Кытайда маселен ондогон жылдар боюу 30-40 миллион уйгурду кандай гана жол менен жок кылуунун аракетинде. Ассимилация кылыш үчүн түрмөлөргө камап жатат. Эми жок жерден мусулмандарды террорист, экстремист деген шылтоо менен камап, жок кылуунун аракетин көрүп жатышат.
Алар бизди карап суктанышат, кандай бактылуусуңар, эгемендүүсүңөр деп. Биз ошол эгемендиктин баркын, баасын билип, өлкөбүздү сүйүп, патриот болушубуз керек. Болгону 3 миллион кыргыз бар. Ошого карабай өлкөбүз бар. Кыргыздын жаштары азыр дүйнөнүн эң мыкты окуу жайларынан билим алып, дуйнөгө атагы чыккан жерлерде иштеп жатышат. Мисалы Google, Facebook жана башка жерлерде иштеп, бир тобу жаштарга IT окууларын окутуп жардам берип жатышат. Пандемия башталгандан бери канча жаштарыбыз ыктыярчы болуп чуркап элибизди сактап калышты. Эгерде Акаев Кумтөрдү бербегенде мындан да көп эсе жетишкендик болмок. Путин Байденге Орто Азияга кирбегин деп айталмак эмес. Ким менен, каяк менен болушту эл өзү чечмек. Кандай кыйынчылыктар болбосун, 30 жылды карыттык. Буюрса дагы өнүгүп өсөбүз. Буга чейин жоготконубузду табабыз. Кыргыз элимди 30 жылдык эгемен майрамы менен куттуктайм.
Булак: NazarNews.kg