www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 19-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстанда коронавирустун чыгышы тууралуу маселе каралып жатат.

Жыйында бир-эки депутат саат 13:00гө чейин иштеп, өкмөттү коё берели деп сунуш киргизди. Ошондой эле, баардык депутаттар  эмес, ар бир фракциянын лидерлери он мүнөттөн, бир эки депутат 2 мүнөттөн сүйлөсүн деп кошумчалашты.

Анда депутат Рыскелди Момбеков кырдаал тууралуу сөз кылып, дүрбөлөң кылбоого чакырды.

“Пневмония менен пандемия бул –кырсык. Кырсык каш менен кабактын ортосунда. Анан Кыргызстанга кирип кетиптир деп трагедия кылбаш керек. Америкага, Россияга, Кытайга кирген вирус Кыргызстанга кирбей калса, күн башка жактан чыгыш керек... Өзүбүз эле паника, политика кылбайлы...Лидерлер 10 мүнөттөн, башкалар 2 мүнөттөн сүйсөлүн деген, биз эмне токолдун баласыбызбы? Алар кечээ эле кирип чыккан”,-дейт депутат Рыскелди Момбеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости