www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алматынын бийлиги шаарга кирүүнү же шаардан чыгууну каалагандарга 72 саат убакыт берди. 22-мартка караган түнү калаа толугу менен жабылат. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыкты.
19-мартта Алматыда коронавируска байланыштуу жарыяланган карантин күчүнө кирди. Мындан улам шаардагы көңүл ачуу жайлары, азык-түлүк сатпаган дүкөндөр, базарлар жана соода үйлөрү убактылуу жабылат. Ошол эле маалда шаарда адамдардын, автоунаалардын жүрүүсүнө чектөө киргизилбейт. Коомдук унаалар адаттагыдай каттамдарга чыгышат.
Акыркы маалыматтар боюнча Казакстанда коронавирус жуктурган адамдардын саны 36га жетти. Алардын 18и Алматыда, 18и Нур-Султанда катталган.
Булак: NazarNews.kg