www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

31-мартка караган түнү формачан белгисиз кишилер Москвадагы "Домодедово" аэропортунан борбор азиялык 300дөй мигрантты кууп чыгышты, алардын арасында Тажикстан жарандары да бар. Бул тууралуу тажикстандык журналист Галия Ибрагимова “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.

Анын айтымында, коронавирустан улам чек аралар жабылгандыктан, мигранттар үйлөрүнө кете албай эки аптадан бери аэропортто турушкан.

Фарух аттуу мигрант 31-мартта болгон окуяны видеого тартып, журналистке жөнөткөн:

“Бизди аэропорттон кууп чыгышты. Формачан кызматкерлер келип, баарын чогултууну сурашты. "Бүгүн кечинде учуп кетесиңер" деп убада беришти. Биз баарын чогулттук. 300дөй киши болду. Чогулган соң алар бизди көчөгө кууп чыгышты. Түнчүндө. Суук. "Мындан ары аэропортто турууга болбойт" дешти. Кууп чыгышты. Азыр кишилер көчөдө. Эмне кылышты билбейбиз”, – деди ал.

Белгилей кетсек, буга чейин “Настоящее Время” телеканалы да "Домодедово" аэропортундагы мигранттар жөнүндө репортаж жасаган.

Ара жолдо калган мигранттар Тажикстан элчилиги жана Орусия бийлиги аларга жардам көрсөтпөгөнүн, суу жана тамак-ашты аларга ыктыярчылар менен замандаштары алып берип жатканын айтышкан. Тажик бийлиги чартердик каттам уюштуруларын кабарлаган, бирок ал да ишке ашпай калган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости