www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт бизнеске жеңилдиктерди бергени жатат. Тизме

Кыргызстандын өкмөтү коронавирус пандемиясына байланыштуу бизнеске жеңилдик берүүнүн жолдорун караштырып жатат. Бул тууралуу коронавируска каршы түзүлгөн Республикалык штаб билдирди.

Тактап айтканда, төмөнкүлөр сунушталууда:

  • Юридикалык жактарды туум жана айып пулдан 2020-жылдын 1-октябрына чейин бошотуу;
  • Жеке ишкерлерди 2020-жылдын 1-октябрына чейин камсыздандыруу полисинен бошотуу;
  • Кичи жана орто бизнестегилерге камсыздандыруу акынын тарифин 5 пайызга арзандатуу.

Мындан тышкары, жардамдын фискалдык жана финансылык чаралары каралууда:

  • Текшерүү бөгөтүнүн мөөнөтүн узартуу;
  • Салык органдарынын ишин кыскартуу;
  • Салык жана социалдык карыздын мөөнөтүн узартып төлөө;
  • Убагында төлөнбөгөн салык санкция, туум жана салыктык милдеттерден бошотуу.

Айкын суммалар салыктын негизинде 100 пайызга төмөндөйт:

  • Ыктыярдуу патент;
  • Милдеттүү патент.

Колдоонун финансылык чаралары:

  • Льготалык каржылоо;
  • Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунда кредиттик ресурстарга максималдуу мүмкүндүк алуу үчүн жол-жоболорду жеңилдетүү;
  • Ишкерликтин субъектилерине пайызсыз кредит берилген механизмди ишкерлердин айлык акысын 6 айлык мөөнөт менен төлөп берүү.

Мындан тышкары, КР Улуттук банкы кредити бар ишкерлерге жеңилдик көрсөтүү үчүн коммерциялык банктардан талаптарды азайтуу чарасын караштырууда.

Абалга байланыштуу, зайым алгандар кредит төлөөдө кыйынчылыктарга дуушар болсо, кредиттик тарыхы начарлабайт.

Антикризистик план макулдашуу процедурасынан өттү, жакын арада кабыл алынат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости