www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эне тилибиз кандай керемет экендигин биз бөтөн жерде жүргөндө гана сезебиз.
(Джордж Бернард Шоу)
Тилин тыя албаган кишиден адилеттик күтпөш керек.
(Мохандас Карамчанд Ганди)
Кошунанын тилин белген, албетте, жакшы. Бирок, адегенде өз тилиңди билип албайсыңбы?
(Франциск Казимирович Богушевич)
Тил башты сактайт.
(Бальтасар Грасиан-и-Моралес)
О тилим, унчукпай калчы? Айта турган сөз деле калбады.
(Овидий)
Тилди этият кылыш керек. Өзгөчө тойдо отурганда.
(Хилон из Лакадемона)
Тилин башкара алгандар адатта унчукпай жүрүшөт.
(Станислав Ежи Лец)
Тилди канчалык начар билсең, калп айтуу ошончолук кыйын болот.
(Кристиан Фридрих Геббель)
Бала багуучунун тилинде эч кандай кемчилик болбошу керек.
(Марк Фабий Квинтилиан)
Тил өзү алсыз эле нерсе, бирок эң күчтүү адамды да өлтүрүп койгонго жөндөмдүү.
(Окакура Какудзо)
Тилге караганда кулакты көбүрөөк пайдалангыла.
(Сенека Луций Анней)
Көз көргөндү тил дайыма эле жеткире албайт.
(Фенимор Купер)
Тили жаман кишилер кошуналардын арасына да, элдердин арасына да чагым салышат.
(Вальтер Скотт)
Үшкүрүктү башка тилдерге кантип которсо болот?
(Станислав Ежи Лец)
Үйлөнгүң келсе, адегенде өзүң тандаган кыздын тили кандай экенин бил. Тили заар аял – бул дүйнөнүн тозогу.
(Менандр)
Кудай ар бир элге ошол элдин тилинде сүйлөй турган пайгамбар жиберген.
(В.Гете)
Уятсыздар! Силер грамматика менен тилди зордуктап атпайсыңарбы.
(Станислав Ежи Лец)
Бир жолу калп айткан тилди кайра чын сүйлөөгө көндүрүү өтө кыйын.
(Мишель де Монтень)
Тилди тишке кат. Бирок, сүйлөгөнгө даяр тургандай кылып кат.
(Станислав Ежи Лец)
Көз бирди, тил болсо башканы айтып жаткан болсо, анда көзгө ишениш керек.
(Ральф У.Эмерсон)
Акылы кысканын тили узун.
(Аристофан)
Өзү жүргөн жердин тилин конок, келесоо, же оккупант гана билбеши мүмкүн.
(Карл Маркс)
Эгер ой бузулбаса, тил дегеле бузулбайт.
(Мигель де Сервантес)
Тиштери түшкөн кишинин тили эркин боло түшөт.
(Станислав Ежи Лец)
Жымжырттык – Кудайдын тили. Андан башкасынын баары начар котормолор.
(Жалалиддин Руми)
Чет тилдерди билбесең, чет элдик эмнеге унчукпай турганын түшүнбөйсүң.
(Станислав Ежи Лец)
Адамдын оозунда 32 тиш бар. Орус тилинде 33 тамга бар. Тил баш бербей жатканынын себеби да ошондон болсо керек.
(Андрей Г.Кнышев)
Ал тилди аябай жакшы көрчү. Өзгөчө уйдун тилин.
(Ашот Наданян)
Көздөн жандүйнө көрүнүп турат. Тилден коом көрүнөт.
(Жюль Ренар)
Диктаторлор өзүнүн котормочусунан жана тиш доктурунан коркушу керек, себеби, бул экөө ага караганда кыйла күчтүү.
(Уинстон Черчилл)
Көз менен жети жолу өлчөп, тил менен бир жолу кесиш керек.
(Ашот Наданян)
Биз көп тилде сүйлөшүбүз мүмкүн. Бирок, ыйлаганда өз эне тилибизде ыйлайбыз.
(Михаил Туровский)
Булак: NazarNews.kg