www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биздин өкмөт асманга учат

Кылаарга башка жумуш жок калгансып эми Кыргыз өкмөтү “Ачык асман” долбоорун ишке киргизүү процессин баштады. «Ачык асман” саясатын киргизүүнүн иш мерчемдери жакында пре­мьер-министр Абылгазиев баштаган өкмөттүн атайын кеңешме­синде белгилүү болду. Муну бүгүнкү көсөмдөрүбүз эле ойлоп таба калган жок. Бул программа мындан 15-16 жыл мурун эле козгол­гон. Бирок, аргументтүү себептерден улам токтотулган. Былтыр мурдагы өкмөт башчы, азыр камакта отурган Сапар Исаков да аталган программанын үстүнөн реалдуу аракеттерди баштап, аны ишке киргизүү же андан баш тартуу боюнча эксперттер менен ар бир деталы боюнча адегенде кеңешүүнү баштаган. Акыркы чечим ошондон кийин гана кабыл алынары айтылган. Учурда учурдагы өкмөт тарабынан иштелүүгө кирген тийиштүү мыйзам долбоору депутаттар эс алуудан кайтары менен Жогорку Кеңештин кароо­суна жөнөтүлөт. Калганы ошол жактан чечилет.

Бул тууралуу атайы адистешкен эксперттер өкмөттүн бул долбо­орун келечекти эске албаган чийки аракет катары эсептешүүдө. »Ачык асман» саясатына өтүү – бул бардык жагы ойлонулбаган, популисттик чечим. «Каргага теңелип, каздын буту сыныптыр» дегендей болуп жатат. Анткени, бул долбоор көп мамлекеттерде жылдап барып кийирилген. Бизде туруп-туруп эле “керек, өтөбүз” деп жатышат. Өкмөт «бул программа жарандык авиациядагы бар­дык маселелерди чечет» деп «Ачык асманды” өзүнчө эле сыйкырдуу таякча катары көрүп жаткандай. (“Ачык асманыбыз” өкмөтүбүз айткандай каалагандай ачык болуп, жер жүзүнөн учактардын ба­ары тең эле биздин «Манас аба майданына» учуп келчүдөн бетер) Бирок, андай болбойт. Тескерисинче, бул авиация тармагына өтө чоң залакасын тийгизет, чоң тармак өлөт, канча адамдар жумуш­суз калат. Бизге Англиядан, Франциядан, Япониядан же АКШдан болобу авиакомпаниялар келбейт. Андай эле болуп баратса ошол эле Казакстан, Өзбекстан, Россиядан эле келет. Алар биздеги ча­кан, мүмкүнчүлүгү да аз улуттук авиакомпанияларыбызды ачык ай­тканда сүрүп чыгарып, балким таптакыр учурбай коюшат. Өкмөт­түн бул кадамындагы “мынча авиакомпания келет, мынча киреше түшөт, мынча турист келет” дегени бери дегенде «миф»! Эсепте­ри бар бекен, ошондой? Албетте, жок! «Туристтер агылып келет» дегени да күлкү келерлик. Биринчиден алар кызыгып келе турган нерсе болушу керек. Мисалы, Дубайды туурап өкмөтүбүз “Ачык асманды” киргизгиси келгени менен, Кыргызстанда ошо Дубайга бара тургандай кызыктыруучу нерселер жок да?» Ошондуктан жо­горку жактагыларыбыз улам бир нерсенин башын чарпый бербей ар ишке олуттуу жана реалдуу карашса болмок. Ийне сая албаган темене тандайт болбой.

Тамерлан Кылыч

Булак: "Айгай-пресс"

Последние новости