www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жума башында өткөн Туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук Кеңештин жыйынында Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабеков сунушталып жаткан жаңы стратегиядан депутаттарды кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу пунктун алынып салынганы тууралуу кеп козгоду. Ал өз сөзүндө буга чейин сунушталган документте депутаттардын кол тийбестиги жөнүндөгү макам бар эле дегендей айтып, «Биз парламентти күчтөндүрүшүбүз керек. Кол тийбестиги алынган депутаттар чиновниктердин мыйзамсыз иши тууралуу ачык айта албай калат» -деп чыкты. (Президент спикердин сөзүнө жооп кылып жаңы стратегияда андай пунктун жок экенин белгиледи.) Атаны кокуйдуку, депутаттар качан эле түз, ачык, хандан-бектен кайра тартпаган позицияда болуп келген? Өзгөчө Кыргыз парламентинин акыркы чакырылыштагы депутаттары? (Алар акыркы кабыл алынган Констиуция боюнча ушунчалык чоң статуска ээ болуп турушса да күнкарамадай болуп жүргөндөрүн бүт кыргыз журту көрүп, билип деле бүттү го?)
Бирок айрым маалыматтарга таянсак эл өкүлдөрүнүн кол тийбестик макамынын сакталып калгандыгы тууралуу пункт жаңы стратегиялык документке кайра кошулганы жөнүндө кеп тарады. Жөнөкөй иш болсо бир жөн, эгерде эле килейген стратегиялык документтеги пункту (кол тийбестик жөнүндөгү) оп-оңой эле кайра өзгөртүп койгону анык болсо, акчалуу, айлакер депутаттар ал үчүн дагы эмнени жасап беребиз деп «соодалашты» болду экен? Албетте, Ак үйдүн эң бийик кабатындагы отурган касиеттүү адамдар менен?
А негизи Жогорку Кеңеш кол тийбестик макамы менен эле күчтөнүп, дүркүрөп өнүгүп кетпейт. Кыргыз парламенти качан өнүгөт, күчтөнөт, өсөт? Качан ал бийик аянтчада эл ырыскысынан эсирген шумпайлар менен принципсиз сөрөйлөр азайганда. Жогорку Кеңештин курамынын көпчүлүгүн абийрдүү, акылман, намыстуу, билимдүү адамдардан куралганда ганга ошол Д. Жумабеков айткан улуу тилектер ишке ашат.
Айтмакчы, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өткөн Туруктуу өнүгүү боюнча ошол Улуттук Кеңештин жыйынында эки маселе каралды. Биринчиси- Кыргызстандын 2040-жылдарга чейинки өнүктүрүү стратегиясы, экинчиси 2020-жылга чейин шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу стратегиясы. Кеңешке спикер, премьер-министр, Жогорку соттун төрайымы, парламенттеги фракция башчылары, жалпысы 25 кишиден турган адамдар кеңешме өткөрдү. Президент Сооронбай Жээнбеков төрагалык кылды.
Деди да эй, дешти да эй…
«Мына ушул жерде Кыргызстандын каймактары отурабыз. Сүйлөгөн сөз менен кылган иш бир болушу керек. Сүйлөгөн иш менен кылган иш кээде туш келбей жатат… », «Биз таза, айкын болуп айтканыбызды аткарсак – ошондо гана өнүгөбүз…»- деди, С. Жээнбеков Улуттук Кеңештеги сөзүндө. Кыскасы, кеңешмеде көп сөздөр, кооз сөздөр, ал тургай таттуу сөздөр сүйлөндү. Жакшы, бирок андай узун убадаларга толгон сөздөр акыркы 9-10 айдан бери оголе көп айтылууда. Ооба, азырынча сөз жүзүндө гана. А бирок, «кургак сөзгө» курсак тойбой жатпайбы… » «Кылабыз», «чечебиз», «аткарабыз», кыйратабыз деп эле келат, келатышат…
Азыркы көч башындагылар «стратегия, тиги-бу» деп атпайбы…
Негизи, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда да өлкөнү 2013-2017-жылдар аралыгында өнүктүрүү боюнча улуттук стратегия иштелип чыккан. Андан кийин 2017-жылдын 15-ноябрында 2040-жылга чейинки туруктуу өнүгүү стратегиясы кабыл алынган. Документ Атамбаевдин жетекчилиги менен даярдалып, алдыдагы 22 жылдагы пландарды камтыган. А бул кеңешмеде азыркы президент айткандай мурдагы стратегиядан айырмасы «адамдардын потенциалын өнүктүрөбүз» дегени болду. Аны уккан эл «кантип, кандайча?» деген суроолорго жуурулуп, жогоркулардан жооп алалбай да, табалбай да калышты. Жалпылап айтканда ошол Улуттук Кеңеште ушундай бир учугу көрүнбөгөн тап-таттуу «стратегиялык» убадалар айтылды дейсиң…
Кенжебек Арыкбаев
Булак: «Айгай-пресс»